УКМК Акбөкөн Таштанбековго кылмыш ишин козгоду

  • 2 года мурун

Социалдык тармактарда Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо учурунда №30 Ысык-Ата округунан депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбековдун катышуусунда видеотасма жарыяланган. УКМК ал видеодо АкбөкөнТаштанбековдун коомчулукта терс пикир жараткан улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттери ачык эле көрүнүп турганын белгилейт.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын 4-декабрында Акбөкөн Таштанбековдун аракеттеринде кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда (Улуттар аралык жана региондор аралык кастыкты козутуу) каралган кылмыштын белгилеринин бар экендигин эске алуу менен, кылмыш иши козголгон.

6-декабрда тергөө органдары тарабынан бул кылмышты жасагандыгы үчүн Таштанбековду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү үчүн Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылуу жөнөтүлгөн.

Жогорудагы кайрылууну кароонун жыйынтыгы боюнча тергөө тарабынан тиешелүү процессуалдык чечим чыгарылып, Таштанбековдун аракеттерине юридикалык баа берилет.

Акбөкөн Таштанбеков №30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке шайлоодо 15, 99% добуш алып, башка атаандаштарынан озуп чыккан.   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты