Академик Мамбет Мамакеев дүйнө салды

  • 2 года мурун

Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз медицинасынын легендасына айланган белгилүү хирург, медицина илимдеринин доктору, академик Мамбет Мамакеев 97 жашында дүйнөдөн өттү.

Бул тууралуу маалыматты Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборундагы анын кесиптештери тастыктады.  

Мамбет Мамакеев 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылында туулган. 1952-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн.
1952-1955-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун госпиталдык хирургия кафедрасында ординатор, 1955-1958-жылдары аспирант, 1958-1972-жылдары ошол кафедрада ассистент, доцент, 1974-жылдан кафедра кафедра башчысы болгон.

Мамбет Мамакеев 200дөн ашык илимий эмгектин автору. Илимдин 15 докторун, 26 кандидатын тарбиялаган. 65 жылдык иш тажрыйбасында 30 миңдей операция жасаган.

2004-жылы Мамбет Мамакеевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы ыйгарылган. СССРдин Жогорку Кеңешинин IV чакырылышынын, Жогорку Кеңештин II чакырылышынын депутаты болгон. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты