Академик Мамбет Мамакеевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең өтөт

  • 4 месяца мурун

Эртең, 26-ноябрда, саат 11:00до залкар хирург жана окумуштуу, медицина илимдеринин доктору, профессор, Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын Баатыры Мамбет Мамакеевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт.

Коштошуу зыйнаты Улуттук хирургия борборунда ( 3-я линия көч., 25) болот.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

24-ноябрда Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз медицинасынын легендасына айланган белгилүү хирург, медицина илимдеринин доктору, академик Мамбет Мамакеев 97 жашында дүйнөдөн өттү.

Академик Мамбет Мамакеевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең өтөт

Башкы сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты