Ак-Ордодогу эки адамды өлтүрүүгө шектүүнүн кармалганы кабарланды
- 1 месяц мурун
Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушундагы эки адамды өлтүрүүгө шектүү кармалганы кабарланды. Мурдагы ички иштер министри Феликс Кулов ички иштер министри Улан Ниязбеков ага телефон чалып, шектүүнү кантип кармаганын айтканын Фейсбук баракчасына жазды. ИИМ шектүүнүн кармалганы боюнча расмий маалымат бере элек.
Феликс Кулов мындай деп билдирди:
-“Ак-Ордодогу” мыкаачылык менен киши өлтүрүүгө шектүү кармалды деп угуп, министр Улан Ниязбековго жазып, кылмыштын бетинин ачылышынын маанилүүлүгүн белгилейин деп жатсам, ал түн ортосуна жакын өзү телефон чалып калды. Мен андан кылмышка шектүүнү кантип тапкандарын сурадым.
-Министр кылмыштын бетин ачуу ишин өзү жетектегенин билдирди. Анын айтымында, негизги роль “Коопсуз шаар” техникалык каражатына таандык болгон. Шектүүнү Ысык-Көлдөн Бишкекке чейин видео байкоо аркылуу карап турушкан. Кармаганда шектүү күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, эки кишини өлтүргөнүн билдирген.
Президент Азербайжанда ТМУ саммитинен келе жатканын жана ага кылмыштын ачылышы тууралуу телефон аркылуу айтып берүүгө даяр турууну билдиргендигин айтты, -деди Феликс Кулов социалдык тармакта.
Ооциалдык тармактарда Ак-Ордодогу кылмышка шектүү кармалганы тууралуу маалыматтар тарап жатат.
3-октябрга караган түнү Бишкек шаарынын Ленин районунун Ак-Ордо жаңы конушунун Ынтымак көчөсүндө жайгашкан үйдүн биринде 34 жаштагы жана 36 жаштагы бир туугандарды өлтүрүү фактысы катталган.
Кылмышка шектүү көзөмөл камераларына түшүп калган жана окуя болгон жерден баш кийим (кепка) табылган.
«Маркумдардын туугандары бул иштин кандайдыр бир жагдайларын жарыялоого каршы экенин эске алып, кошумча маалымат берүүдөн баш тартабыз. Тергөөнүн аякташы менен жана шектүү жаран кармалгандан кийин, коомчулукка расмий маалымат берилет» деп билдирген ИИМ.
Социалдык тармактардагы маалыматтарга караганда, шектүү түн ичинде жаңы конуштагы аталган үйдөн бир кишини (34 жашта) жана аялды (36 жашта) бычактап өлтүргөн. Алар бир туугандар болгону айтылууда. Ошол учурда үйдөгү дагы бир аял киши балдары менен качып чыкканга үлгүргөндүгү белгиленди. Социалдык тармактарда аялдын балдары менен качып бараткан тасмасы тараган.
Сүрөттө: Шектүү. ИИМ басма сөз кызматы тараткан




