Ак-Ордо-3 конушунда үрөй учурган жол кырсыгына кабылгандардын дагы бири көз жумду

  • 9 месяцев мурун

Бишкекте, Ак-Ордо-3 конушундагы жол кырсыгына кабылып реанимацияда жаткан аял көз жумду.

Бул тууралуу конуштун квартал башчысы Мирбек Осмонов 24-июлда Фейсбук баракчасында билдирди.

«Ак-Ордо-3 конушунда үрөй учурган жол кырсыгы болуп, анда 34 жаштагы келин каза болгон. Түндө дагы бир эже каза болду. Ал оор абалда жаткан эле, анын өмүрүн эч ким сактай алган жок. Каза болгон адамдардын жакындарына терең кайрылуу менен көңүл айтабыз. Жашоочулар ооруп жаткан адамдарга акча чогултуп баштаган, жалпы 205 миң сом чогулуп, жабыркагандарга бөлүнүп берилди. Ошондой эле каза болгон адамдардын жакындарына дагы чогулган акчадан бөлүнөт. Элмирбек Иманалиев көчөсүндө аялдама жок, бизге кызыл китептен мурун аялдама керек болуп жатат” деп жазды квартал башчы.

Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушунда үрөй учурган жол кырсыгы катталган. Анда жарыяланган видео тасмага караганда, жүк ташуучу машина маршруттук таксини арт жагынан коюп кеткен. Анын кесепетинен маршруттук таксинин бир жүргүнчүсү каза болуп, бир нече жүргүнчү жабыркаган.

Саламаттык сактоо министрлиги кырсыкта 23 киши жаракат алганын кабарлаган, 12 жүргүнчү ооруканга жеткирилип, төртөө жанжандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Сүрөт: Кырсыктагы видео тасмадан.



Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты