Жол кырсыгы: Бир жүргүнчү каза болуп, 23ү жаракат алды

  • 10 месяцев мурун

Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушунда жогорку ылдамдыкта келген жүк ташуучу унаа жүргүнчү ташынган №169 маршрутканы артынан келип сүзгөн. Кырсыктын видеосу социалдык тармактарга тарады.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиришкендей, алдын ала маалыматка ылайык, алты адам жабыркап, бирөө каза болду.

Ошондой эле ведомстводон кошумчалашкандай, ыкчам маалыматка ылайык, жүк ташуучу унаанын айдоочусу уктап кеткен.

Учурда кырсыктын чоо-жайы такталууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты