Ак илбирстин эл аралык күнү. Президент бул күн жоопкерчиликке да чакырык экенин айтты   

Бүгүн, 23-октябрда, эл аралык коомчулук расмий түрдө алгачкы ирет Ак илбирстин эл аралык күнүн белгилеп жатат. Буга байланыштуу президент Жапаров бул демилге кыргыз жергесинен чыгып, дүйнө жүзүнө тараганына сыймыктанарын билдирди.

“Бул демилге дал ушул кыргыз жергесинен, биздин элибиздин чын жүрөгүнөн чыгып, бүтүндөй дүйнө жүзүнө тараганы мен үчүн өзгөчө сыймык.

Бир жыл мурда тагдыры улуу тоолор жана ошол улуу тоолордо байыр алган улук жаныбар менен ажырагыс байланышта жашап келе жаткан элибиз маанилүү сунуш менен чыккан элек. Ага дүйнө жүзү кулак төшөдү. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Ак илбирстин эл аралык күнүн белгилөө боюнча резолюциясынын бир добуштан кабыл алынышы дипломатиялык ийгилик гана эмес, табият мурастарын сактоонун алдында чек аралардын мааниси жоголуп, адамзат бир муштумдай биримдигин көрсөтө алгандыгынын айкын далили болуп калды” деди Садыр Жапаров.

Бул жаныбардын көркөмдүгүнө эле эмес, жоопкерчиликке чакырык экенин да белгиледи.   

-Бүгүнкү күн ак илбирстин көркөмдүгүнө суктануу үчүн эле себеп эмес. Бул күн – адамзатты абийирге жана жоопкерчиликке глобалдык чакырык. Бардык өлкөлөр менен дүйнө элине бул уникалдуу жаныбарды жана анын аяр экосистемасын коргоо үчүн күч-аракеттерди бириктирүүгө болгон кайрылуу болуп саналат.

Ак илбирс күнүндө Кыргызстан тоолорубуздун сакчысын даңазалаган дүйнөлүк акциянын башында турат. Алардын аман калышы биздин экосистемабызга, мурасыбызга жана келечегибизге түздөн-түз байланыштуу.

Биз 23-октябрда ак илбирстин урматына символикалуу түрдө 23 мүнөт убактыбызды жөө басууга, көнүгүүгө жана сейилдөөгө арнайбыз. Жаратылышты коргоо – бул биздин спорт, ал эми ак илбирсти коргоо – биздин жалпы жеңишибиз” деди мамлекет башчы.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы ассамблеясы 79-сессиясында 23-октябрды эл аралык илбирс күнү деп жарыялаган.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлаган маалыматта бул демилге Кыргыз Республикасы тарабынан демилгеленгени, ага 6 мамлекет авторлош болгону жана аны БУУга мүчө 193 мамлекет колдогону белгиленди.  Садыр Жапаров БУУнун башкы ассамблеясынын 79-сессиясында демилгени колдоого чакырган.

Эл аралык ак илбирс күнүн белгилөөнү бул жаныбар байырлаган өлкөлөр: Кыргызстан, Бутан, Кытай, Индия, Непал, Монголия, Казакстан, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын атынан көрсөтүлгөн.

Кабыл алынган резолюция БУУга мүчө мамлекеттерди, БУУ системасындагы мекемелерди, эл аралык жана аймак аралык уюмдарды, өкмөттүк эмес уюмдарды, жарандык коомду, жеке секторду жана бардык кайдыгер эмес адамдарды эл аралык ак илбирс күнүн белгилөөгө чакырган.

Ал эми 2023-жыл ак илбирс Кыргызстандын улуттук символу деп жарыяланган.  

Иллюстрациялык сүрөт: «Байбоосун» жаратылыш коругунун сүрөт-капканынан. Коруктун ФБ баракчасынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты