23-октябрь ак илбирстин эл аралык күнү деп жарыяланды

  • 2 месяца мурун

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы ассамблеясы 79-сессиясында 23-октябрды эл аралык илбирс күнү деп жарыяланды.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлаган маалыматта бул демилге Кыргыз Республикасы тарабынан демилгеленгени, ага 6- мамлекет авторлош болгону жана аны БУУга мүчө 193 мамлекет колдогону белгиленди.  Садыр Жапаров БУУнун башкы ассамблеясынын 79-сессиясында демилгени колдоого чакырган.

Эл аралык ак илбирс күнүн белгилөөнү бул жаныбар байырлаган өлкөлөр: Кыргызстан, Бутан, Кытай, Индия, Непал, Монголия, Казакстан, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын атынан көрсөтүлгөн.

Кабыл алынган резолюция БУУга мүчө мамлекеттерди, БУУ системасындагы мекемелерди, эл аралык жана аймак аралык уюмдарды, өкмөттүк эмес уюмдарды, жарандык коомду, жеке секторду жана бардык кайдыгер эмес адамдарды эл аралык ак илбирс күнүн белгилөөгө чакырат.

Ал эми 2023-жыл ак илбирс Кыргызстандын улуттук символу деп жарыяланган.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты