Айжигитов аны фракциядан чыгаруу боюнча чечимди жокко чыгарууну талап кылды

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов «Ыйман Нуру» фракциясынан чыгарылышы боюнча билдирүү жасады.

«Мен 5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында жаран, аксакал, депутат катары өзүмдүн позициямды билдиргем. Мен фракциянын эмес, өзүмдүн өзүмдүн жеке көз карашымды айткам. «Ыйман Нуру» фракциясынын лидери чукул жыйынга чогултуп, Айжигитов өзүнүн билдирүүсүн фракция менен макулдашпаганын айтты. Ашимова мени фракциядан чыгаруу сунушун киргизди. Жогорку Кеңештин регламент боюнча бир дагы документте депутат сүйлөй турган сөзүн фракция менен макулдашышы керек деп көрсөтүлгөн эмес. Фракциянын 10 мүнөтүн депутат өзүнүн көз карашын айтканга пайдалана алат. Ошол эле күнү Жогорку Кеңештин регламентинин 12-беренесине шилтеме жасалып, мени фракциядан чыгаруу боюнча протокол түзүлдү. Бул беренеге ылайык, фракция лидеринин депутатты фракциядан чыгаруу боюнча добушка коюуга ыйгарым укугу жок. Ашимова өзүнүн ыйгарым укуктарын ашыкча пайдаланып, мыйзамды бузду. Менин талабым — фракциянын мыйзамсыз чечимин жокко чыгаруу, Ашимова коомчулук алдында кечирим суроосу, Ашимова фракция лидерлигин өз каалоосу менен тапшырышы. Муну эл дагы талап кылат деп ойлойм», — дейт Айжигитов.

Эске салсак, 5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында “Ыйман нуру” фракциясынын лидери Динара Ашимова кыргыз-тажик чек арасы боюнча Султанбай Айжигитов фракциянын эмес, жеке пикирин билдиргенин айтты жана анын айткандары боюнча маселе фракция жыйынында караларын айткан. «Ыйман нуру» фракциясы депутат Султанбай Айжигитовду фракциянын курамынан чыгарган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты