Султанбай Айжигитов фракциядан чыгарылды: Депутат мандатын жоготобу?
Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов «Ыйман Нуру» фракциясынан чыгарылган соң, анын депутаттык мандаты тууралуу талкуулар күч алды. Чечим «Ыйман Нуру» фракциясынын мүчөлөрү тарабынан кабыл алынган. Фракциянын чечими парламенттеги талкуулардан жана Султанбай Айжигитовдун чек ара маселеси боюнча билдирүүлөрүнөн кийин кабыл алынган.
Бирок бул анын депутаттык мандатынан автоматтык түрдө ажырай тургандыгын билдиреби? Бул суроого “ПолитКлиника” медиасынын “Детектор” берүүсүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жооп издеп, анализдеп көрөлү.
Айжигитовдун чек ара маселеси боюнча позициясы
Чек ара маселеси Кыргызстандын аймактык бүтүндүгү жана коопсуздугу үчүн абдан маанилүү. Айжигитов парламент трибунасынан бул маселе боюнча өзүнүн көз карашын билдирип, фракциянын расмий позициясынан айырмаланган пикирин айткан. Ал өз сөзүндө:
“Канча жылдын бери Ворух анклавына коридор ачууга тоскоолдук кылган эки эле нерсе бар болчу. Биринчиси – Достук айылы. Тажиктер “Достук айылын толугу менен бизге бергиле” деп бекеринен талап койгон эмес. Толугу менен биз ага макул болуп, бул тоскоолдукту алып коюп атабыз. Биз үчүн Достуктун стратегиялык мааниси – ошол коридорго жол бербей турганы. Андан тышкары чек араны ошол жерде жашап жаткан эл коргоп турат”, – деп билдирген.
Анын сөздөрү коомчулукта жана саясатчылар арасында чоң талкуу жаратты. Ал чек ара боюнча кабыл алынган айрым чечимдерди сынга алып, алардын айкындуулугу жана өлкөнүн кызыкчылыктары эске алынышы керектигин белгилеген.
Депутат: “Чек ара маселелери жашыруун чечилбеши керек. Ар бир кадам элге ачык-айкын болушу шарт”, – деп баса белгилеген.
Президент Садыр Жапаров дагы бул маселе боюнча “Кабар” улуттук маалымат агенттигине интервью берип, чек ара түбөлүккө чечилип жатканын жана эки тараптын кызыкчылыгы тең эске алынганын айткан жана Султанбай Айжигитовдун сөзүн четке каккан.
“Албетте көрдүм, толук уктум. Демагогия, жалаң демагогия. Бул киши үч күндө пикирин алмаштырып башкача сүйлөп чыкканы түшүнүксүз. Эмнеге минтти изилдеп көрүшүбүз керек. Бул киши баарын билет, түшүнөт, беш колундай билет. Бирок эмнегедир башка дагы көп маселелерде билмексен болуп эле провокация жасай бергенин байкап жүрөм”, — деп билдирген президент Садыр Жапаров.
Фракциянын чечими
Ошол эле күнү «Ыйман Нуру» парламенттик фракциясынын мүчөсү Султанбай Айжигитов фракциядан чыгарылды. «Ыйман Нуру» фракциясынын лидери Динара Ашимова, Айжигитовдун фракциядан чыгарылышына анын кыргыз-тажик чек арасы боюнча Жогорку Кеңеште айткан сөздөрү негиз болгондугун айтат:
“Депутат Айжигитов өзүнүн принципалдуу оюн билдиргенге укугу бар. Бирок, ал фракциянын атынан эмес, өзүнүн атынан сүйлөш керек. Регламент боюнча саясий позицияны биз менен макулдашып туруп сүйлөө керек болчу. Ошондуктан «фракция ичиндеги тартипти бузду» деп фракциядан Султанбай Айжигитовду чыгардык. Жөн эле бузса, биз жөн эле эскертип коймокпуз. Бирок, ал сөздүн артынан эл ичинде канча дүрбөлөң болду”.
Ошондой эле, фракциянын мүчөлөрү Айжигитовдун чек ара маселеси боюнча айткан сөздөрүн, Кыргызстандын тышкы саясатына каршы келүүчү жана улуттук кызыкчылыктарга туура келбеген көз караш деп баалашкан.
Депутат Султанбай Айжигитов болсо, “Ыйман Нуру” фракциясынан чыгарылышы боюнча билдирүү жасап, анда Жогорку Кеңештин регламент боюнча бир дагы документте депутат сүйлөй турган сөзүн фракция менен макулдашышы керек деп эч жерде көрсөтүлбөгөнүн, фракциянын 10 мүнөтүн депутат өзүнүн көз карашын айтканга пайдалана аларын айткан.
«Мен фракциянын эмес, өзүмдүн жеке көз карашымды айткам. «Ыйман Нуру» фракциясынын лидери чукул жыйынга чогултуп, Айжигитов өзүнүн билдирүүсүн фракция менен макулдашпаганын айтты. Ашимова мени фракциядан чыгаруу сунушун киргизди. Жогорку Кеңештин регламент боюнча бир дагы документте депутат сүйлөй турган сөзүн фракция менен макулдашышы керек деп көрсөтүлгөн эмес. Фракциянын 10 мүнөтүн депутат өзүнүн көз карашын айтканга пайдалана алат. Ошол эле күнү Жогорку Кеңештин регламентинин 12-беренесине шилтеме жасалып, мени фракциядан чыгаруу боюнча протокол түзүлдү. Бул беренеге ылайык, фракция лидеринин депутатты фракциядан чыгаруу боюнча добушка коюуга ыйгарым укугу жок. Ашимова өзүнүн ыйгарым укуктарын ашыкча пайдаланып, мыйзамды бузду. Менин талабым — фракциянын мыйзамсыз чечимин жокко чыгаруу, Ашимова коомчулук алдында кечирим суроосу, Ашимова фракция лидерлигин өз каалоосу менен тапшырышы. Муну эл дагы талап кылат деп ойлойм», — дейт Айжигитов.
Фракциядан чыгаруу депутаттык мандатка таасир этеби?
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча, депутат өз каалоосу менен фракциядан чыккан учурда, анын парламенттик мандаты автоматтык түрдө жокко чыгарылат. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда токтотулат:
- Өз ыктыяры менен депуттаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу же фракциядан чыгуу жөнүндө жазуу түрүндө арыз бергенде;
- Сот тарабынан жазага тартылса жана анын өкүмү күчүнө кирсе;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкса же башка өлкөнүн жарандыгын алса;
- Жогорку Кеңеш өзү көпчүлүк добуш менен мандатын жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алса
Бул туурасында юрист Таттыбүбү Эргешбаева төмөнкүлөргө токтолду:
“Султанбай Айжигитов «Ыйман Нуру» фракциясынан чыгарылгандыктан, анын мандатын жоготуу коркунучу бар. Себеби, Кыргыз Республикасынын «Жогорку Кеңеш депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамынын 3-беренесине ылайык, партиялык тизме аркылуу шайланган депутат фракциядан чыкса же чыгарылса, автоматтык түрдө ыйгарым укуктарын токтотот.
Бирок бул норманын механизмин ишке ашыруу механизми так аныкталган эмес. Чындыгында, депутатты мандатынан ажыратуу үчүн фракциянын демилгеси жана Борбордук шайлоо комиссиясынын акыркы чечими талап кылынат. Бул процесс созулуп кетиши же такыр эле ишке ашпай калышы мүмкүн. Айжигитовдун бул прецедентке таянып, мандатын сактоо үчүн сотко кайрылууга мүмкүнчүлүгү бар ”, — дейт Таттыбүбү Эргешбаева.
Бул процессти ишке ашырууга КРнын Конституциясынын 73-беренеси депутаттардын ой-пикирин эркин билдирүү укугун коргойт.
Учурда Султанбай Айжигитовго каршы расмий түрдө мыйзам бузуу же соттун чечими жок. Бирок, өзүнүн каалоосу жок фракциянын курамынан чыгарылган учурда депутат мандатынан автоматтык түрдө ажыратылабы же жокпу, бул туурасында аталган мыйзамда так норма көрсөтүлгөн эмес. Ошондуктан, мандатынан ажыратуу үчүн фракциянын чечими жетишсиз. Ал үчүн БШКнын жана парламенттин жалпы чечими талап кылынат.
Биринчиден, депутаттык ыйгарым укуктарын жоготуу үчүн мыйзам бузгандык боюнча процесс башталса, Жогорку Кеңеш тарабынан депутаттын иши кароого алынат. Мыйзам бузулган учурда, депутаттын мандатын алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Экинчиден, “Ыйман Нуру” фракциясы расмий түрдө Айжигитовдун мандатынан ажыратуу тууралуу БШКга арыз жазса, БШК расмий чечим чыгарса, анда ал мандатынан ажыратылышы мүмкүн.
Мандатты сактап калуу мүмкүнбү?
Кыргызстандагы парламенттик практикада фракциядан чыгарылган депутаттардын мандатын сактап калган учурлар буга чейин да болгон. Алардын бири – депутат Айгүл Айдарова.
Депутат Айгүл Айдарова 2022-жылы «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан чыгарылган. Бирок, анын депутаттык мандаты жокко чыгарылган эмес.
Айдарованын мандатын сактап калуу үчүн төмөнкү факторлор роль ойногон:
- Фракциядан чыгарылганы менен, мыйзам бузуу далилденген эмес. КРнын Конституциясынын 73-беренесине ылайык, депутат мыйзам бузуу, соттун чечими же өз эрки менен мандаттан баш тартуу болбосо, мандатынан ажыратылбайт;
- БШК анын мандатын жокко чыгарган эмес. Фракциядан чыгаруу — БШКга мандатты жокко чыгаруу үчүн негиз болуп эсептелбейт.
- Айдаровага каршы негиздүү укуктук дооматтар жок болгондуктан, ал көз карандысыз депутат катары ишин уланткан.
Депутат Султанбай Айжигитов менен Айгүл Айдарованын окуясы окшош. Эгерде Жогорку Кеңеш же БШК Айжигитовдун мандатын алуу боюнча расмий чечим кабыл албаса, анда ал парламентте ишин уланта берет.
Даярдаган: Кымбат Турдубекова
Сүрөт коллажы: Интернет булактарынан