Жаңы депутат Табылды Муратбеков ант берди

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 11-июнда, Жогорку Кеңештин жыйынында “Ыйман” фракциясынын жаңы депутаты Табылды Муратбеков ант берди.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңештин «Ыйман нуру» фракциясынын депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алды.Табылды Муратбеков Жогорку Кеңештин депутаты катары катталды.

Табылды Муратбеков Султанбай Айжигитовдун ордуна депутат болду. Табылды Муратбеков 1994-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган.  

28-мартта Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК)  Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитовдун мандаты тууралуу маселе каралып, аны депутаттык мандаттан ажыратуу чечими кабыл алынды. БШКнын 11 мүчөсү макул болуп, бир мүчөсү — Нурлан Койчукеев каршы чыкты.

5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Султанбай Айжигитов “Баткен районундагы Достук айылы Тажикстанга өтүп кетсе, Ворух анклавына коридор болорун айткан. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айжигитов кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишим боюнча көз карашын айтып, чек ара келишими боюнча Достук айылын Кыргызстанга калтырыш керектигин билдирди.

Сүрөт: БШК

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты