Депутат ар бир жаранды баңгизатка текшерүү керектигин билдирди
- 3 недели мурун
Бүгүн, 20-июнда, Жогорку Кеңештин “Ата журт” парламенттик фракциясынын жыйынында депутат Жаныбек Кыдыкбаев саламаттык сактоо тармагынын көйгөйлөрү каралып жатканда, министр Эркин Чечейбаевге кайрылып, ар бир жаранды баңгизат колдонууга текшерүү керек экендигин билдирди.
-Мурда кооптончу деле эмесмин, азыр Кыргызстанда баңгизат, синтетикалык баңгизат боюнча өтө кооптуу болуп калды, биздин жаштар ага өтө берилип жатат. Мурда чоң-чоң шаарларда болсо, азыр аймактарга чейин жетти. Ушуга ишенчү эмес элем, ошол жерде сатылып, колдонулуп жатат. Ушуга бир лаборатория таппайлыбы. Бардыгынан тест алыш керек болуп калды, ал тургай мамлекеттик кызматкерлерден дагы. Ал мындай болуп жатат: аны колдонушат дагы, “көңүл жазгыруучу маневр” кылып, артынан спирттик ичимдик, пиво ичип коюшат экен, бүттү, жалаң эле ошону колдонуп отурушат. Биз келечекти, мамлекетти кимге калтырабыз? Баңгилерге калтырабызбы? Ушундай маселе болуп калышы мүмкүн болуп жатат, 15-20 жылдан кийин массалык түрдө кеткени турат. Келечекти ойлосок, ушуну карабайлыбы. Силер да план түзүп, ар бир ата-энеге, үй-бүлөгө айтыш керек, балдарыңар кайсы жерде, Бишкекте университетте окуп жатабы, мектептеби? Бардыгынан тест алыш керек, баңгизатты өзүнчө бөлгөн лаборатория табышыбыз керек. Ар бирин текшерип чыгыш керек, анализ алып. ИИМ иштеп жатат, бирок алардын аракети такыр натыйжасыз болууда. Кечээ 80 кг кармашыптыр, эмне деген баңгизат кирип жатат? Силер да ушуга жардам берсеңер жакшы болот эле. Ар бир жаранды текшериш керек болуп калды, ал тургай мамлекеттик кызматкерлерди дагы,- деди депутат
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев синтетикалык баңгизат боюнча Россия тарап менен бир долбоор иштетип жатканын билдирди.
-Синтетикалык баңгизат боюнча мектептеги саркынды сууларын текшерүү боюнча Россия тарап менен долбоор иштешип жатабыз. Ар бир мектептеги саркынды сууларды синтетикалык затка текшерип, аныктаса болот экен, эгер суудан синтетикалык баңгизат калдыктары табылсаа, ошол мектепти текшерсек болот. Ал эми бардык мектеп окуучуларын, студенттерди же жарандарды анализ кыла албайбыз, -деди саламаттык сактоо министри.