Айжигитов Ташиевди теледебатка чакырды

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди депутат Султанбай Айжигитовду теледебатка чакырды.

«Сиз бүгүн чоң трибунанын үстүнөн мени аябай караладыңыз. Мен каралаганыңызга жооп бере алган жокмун. Ошондуктан баарына чекит коюш үчүн мен сизди теледебатка чакырам», — деди Айжигитов.

Ташиев: «Рахмат. Сиз менен теледебатка Борбордук шайлоо комиссиясы чыгат», — деди.

Эске салсак, 5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Султанбай Айжигитов “Баткен районундагы Достук айылы Тажикстанга өтүп кетсе Ворух анклавына коридор ачыларын» айткан.

Ошол эле күнү Жогорку Кеңештин жыйынында “Ыйман нуру” фракциясынын лидери Динара Ашимова кыргыз-тажик чек арасы боюнча Султанбай Айжигитов фракциянын эмес, жеке пикирин билдиргенин айтты жана анын айткандары боюнча маселе фракция жыйынында караларын айткан. «Ыйман нуру» фракциясы депутат Султанбай Айжигитовду фракциянын курамынан чыгарган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты