Айыл чарба министрлиги: «Кармалган кызматкерлер боюнча азырынча жагдайды ачыктоо мүмкүн эмес»
- 11 месяцев мурун
Cуу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин кызматкерлери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалгандыгы боюнча учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгын билдирди.
“Азырынча тергөөнүн кызыкчылыгын эске алуу менен жагдайларды ачыктоо мүмкүн эмес. Бирок, ошол эле учурда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигинин кызматкерлери аларга ыйгарылган мыйзамдуу укуктук милдеттерин так жана кынтыксыз аткарууга дайым аракеттерин көрүп келет жана мындан ары да андай аракеттер көрүлө бермекчи. Ал эми дал ушул жагдай боюнча бардыгы тергөөнүн жыйынтыгы менен белгилүү болот жана министрлик ал жыйынтыктар менен сөзсүз түрдө өз убагында коомчулукту кабардар кылып турмакчы” деп айтылат маалыматта.
Бүгүн, 20-августта, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан (УКМК) айыл чарба министринин орун басары, ветеринрия кызматынын директору жана кызматкерлер, бардыгы 10дон ашык адам коррупцияга шектелип кармалды.
Сүрөт: Айыл чарба министрлиги




