Айыл чарба министринин орун басары, ветеринардык кызматтын директору жана башкалар кармалды
- 3 месяца мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Жалал-Абад облустук башкы башкармалыгы тарабынан суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде коррупциялык схема аныкталды.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин, Айыл чарба министрлиги тарабынан 2025-жылдын июль айында азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана ички рынокту турукташтыруу максатында малды экспорттоого квота киргизилгендиги аныкталган. Ошол эле учурда айыл чарба министринин орун басары Н.С.Н., ветеринардык кызматтын директору К.У.С., министирликтин бөлүм башчысы М.Э.У. жана ветеринардык кызматтын бөлүм башчысы Н.у.Б. ыйгарым укуктарынан кыянат пайдаланып, мал чарбачылыгы менен алектенбеген өздөрүнө тиешелүү адамдарга мыйзамсыз квота берүү боюнча коррупциялык схеманы уюштурушкан. Мында, ал адамдардын малы бар экендиги жөнүндө актылар айыл чарба министрлигинин кызмат адамдарынын көрсөтмөсү боюнча райондук ветеринардык башкармалыктардын кызматкерлери тарабынан бурмаланган.
Натыйжада ортомчу ишкерлер мыйзамсыз алынган квоталарды дыйкандарга жана малды экспорттоо менен алектенген жеке жактарга бодо малдын башына 300 АКШ долларынан, ал эми майда малдын башына 5 миң сомдон сатышкан.
Бул коррупциялык схеманы уюштуруунун натыйжасында 40 миңден ашык бодо мал Жалал-Абад облусунун аймагы аркылуу коңшулаш Өзбекстанга мыйзамсыз чыгарылып, эттин кымбатташына себеп болгон.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган айыл чарба министрлигинин кызматкерлери, ошондой эле ортомчу ишкерлер кармалып, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча Башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.









Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы




