Айтылуу артист Азиз Мурадилаев дүйнөдөн кайтты  

  • 1 год мурун

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадилаев катуу оорунун айынан дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Ассоль Молдокматова Фейсбук баракчасына жазды.  

“Кыргызстан жана кыргыз эли сени жан дүйнөсү таза, жүзүнөн жылмаюу кетпеген адам катары эстеп калат. Сенин жаркын элесиң эсибизде болот. Керемет болуп кеткен жок, Азиз Мурадилаев каза болуп калды” деп жазды Молдокматова.

 

Азиз Мурадилаев жакында оор абалда Бишкектеги оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ал гепатиттин «С» түрүнө чалдыгып, дарты боордун циррозуна өтүшүп кеткен. 2016-жылы Москвадан жана Түркиядан дарыланып келген.

Кечээ жакында Азиз Мурадилаевди дарылоого каражат чогултуу акциясын жетектеген Ассоль Молдокматова Азиз Мурадилаевди тезинен дарылоого акча сурап, президент Садыр Жапаровго кат жазганын жана андан бир саат өтпөй, мамлекет башчы 42 миң доллар бөлүп бергенин билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты