Талас облусунда кызматтык милдетин аткаруу учурунда ӨКМ суучулу каза тапты
- 3 месяца мурун
Талас облусунда издөө иштерин жүргүзүү учурунда кызматтык милдетин аткарып жатып Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери, куткаруучу-суучул Аскар Казыбеков каза болду.
Баланы дарыядан издөө иштерин жүргүзүү маалында куткаруучу-суучул жаракат алган. Көрсөтүлгөн медициналык жардамга жана дарыгерлердин аракетине карабастан, анын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон жок.

Сүрөтттөр: ӨКМ
Аскар Казыбеков 1994-жылы туулган. Маркумдун артында жубайы жана кызы калды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Аскар Казыбековду үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Анын эрдиги, кайраттуулугу, өзүн-өзү аябаган эмгеги жана кесиптик милдетине болгон берилгендиги кесиптештеринин эсинде түбөлүк сакталат.
2026-жылдын 23-июнунда 2011-жылы туулган Т. уулу Б. аттуу бала Талас дарыясына түшүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Ошол күндөн бери издөө иштери активдүү улантылып келген. Аскар Казыбеков издөө иштери учурунда каза тапты.
Сүрөт: ӨКМ




