Президент Азиз Мурадилаевди дарылоого 42 миң доллар бөлгөнү маалым болду

  • 1 год мурун

Белгилүү артист Азиз Мурадилаевди дарылоого каражат чогултуу акциясын жетектеген Ассоль Молдокматова Фейсбук баракчасына Азиз Мурадилаевди тезинен дарылоого акча сурап, президент Садыр Жапаровго кат жазганын жана андан бир саат өтпөй, мамлекет башчы 42 миң доллар бөлүп бергенин жазды.

-Урматтуу президент! Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадилаевдин өмүрүн сактап калуу керек деп кайрылсам, бир саат өтпөй сиздин атыңыздан ооруканага 42 миң доллар каражат  жиберилгени үчүн чын жүрөгүмдөн ыраазылык билдирем, -деп жазды Ассоль Молдокматова.   

Ошондой эле Молдокматова каражат чогулткан жалпы кыргыз элине ыраазылыгын айтты:

-Кыргыз элинин жоомарттыгы, боорукерлиги үчүн ыраазылык билдирем. Эртең “Кабар” агенттигинде басма сөз жыйынын өткөрүп, элден чогулган 1 млн 21 миң сомду Азиздин жубайы Элвирага өткөрүп беребиз, -деди Молдокматова.  

Мурадилаев оор абалда Бишкектеги оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Ал гепатиттин «С» түрүнө чалдыгып, дарты боордун циррозуна өтүшүп кеткен. 2016-жылы Москвадан жана Түркиядан дарыланып келген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.




Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты