ИИМ: Милиция кызматкеринин иши текшерилүүдө
- 2 месяца мурун
Ички иштер министрлиги (ИИМ) тарабынан милиция кызматкерине кызматтык текшерүү дайындалды. Ал кызматкер каза болгон жашы жете элек кыздын туугандары менен сүйлөшүү учурунда негизсиз билдирүүлөргө жол берген.
Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
“ИИМдин жетекчилиги: кыздын дайынсыз жоголгондугу тууралуу арыз түшкөндөн кийин милиция издөө иш-чараларына киришкендигин баса белгилейт. Ошону менен бирге айрым кызматкердин айткан сөздөрү жол берилгис болуп, чындыкка дал келбейт жана ички иштер министрлигинин расмий көз карашын чагылдырбайт. Кызматтык текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамга жана кызматтык тартипке ылайык катуу чаралар көрүлөт” деп айтылат билдирүүдө.
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 27-сентябрь күнү саат 20:30да милиция бөлүмүнө Т.А. аттуу жаран кайрылып, ошол эле күнү болжол менен саат 12:30 чамасында 2008-жылы туулган М.А. Каракол шаарында жашаган курбусуна барып келем деп чыгып кеткен бойдон кайрылып келбей жаткандыгын билдирген.
Аталган билдирүү дароо Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүндө каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 27-сентябрь күнү болжол менен саат 12:45 чамасында Барскоон айылына күн чыгыш тарабынан кирип бара жаткан май куюучу жайдын биринин видео көзөмөл камерасынан дайынсыз болуп жаткан М.А. «Honda Stream» үлгүсүндөгү автоунаага отуруп кеткендиги аныкталган. Унааны А.К. аттуу адам башкаргандыгы белгилүү болуп, шектүүнү кармоо максатында «Кармоо планы» киргизилген.
Шектүү А.К. ошол эле күнү М.А.ны Honda Stream үлгүсүндөгү авто унаасына салып, Жеңиш айылынын «Азамат» пляжынын түштүк тарабында жайгашкан алма багына алып барган. Ал жерде болжол менен саат 13:00 чамасында жабырлануучуга карата күч колдонуп зордуктаган. Андан соң Тоң районунун Кажы-Сай айылынын чыгыш тарабында жайгашкан көлмөнүн жанына алып барып мыкаачылык менен муунтуп өлтүргөндүгү аныкталган.
Аталган факты Жети-Өгүз РИИБдин тергөө кызматы тарабынан, кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ошол эле күнү жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин негизинде М.А.нын сөөгү Чүй облусунун Кемин районунун Жел-Арык автожолунун 14-чакырымынан табылган.
Кылмыш болгондон кийин А.К. болгон окуянын изин жашырууга аракет кылып, далил заттарды жашыруу максатында автоунаасын жууп-тазалап таштап кетип, уюлдук телефонун жана сим-картасын жок кылган.
Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Жети-Өгүз РИИБдин кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын кичирайондорунун биринде жашынып жүргөн жеринен, бир нече жолу соттолгон 1984-жылы туулган А.К. аныкталып кармалган.
Учурда А.К. Жети-Өгүз РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө улантылууда.
Ички иштер министрлиги жарандарды расмий маалымат булактарына гана ишенүүгө чакырат, анткени социалдык түйүндөрдө чындыкка дал келбеген билдирүүлөр таралууда.
Ички иштер министрлиги маркумдун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Бул кылмыш иши иликтенип жаткандыгын жана жетекчиликтин өзгөчө көзөмөлүндө экендигин билдирет.
Сүрөт: ИИМ




