Айсулуу Мамашова жана Элдар Абакиров парламентте ант берди

  • 3 месяца мурун

Бүгүн, 7-февралда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында «Альянс» партиясынан Айсулуу Мамашова жана Эльдар Абакиров ант берди.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакировду жана экс-депутат Айсулуу Мамашованы “Альянс” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты кылып каттады. Аларга парламент депутатынын күбөлүгү менен төш белгиси берилген.

Мындай чечим БШКнын 2-февралдагы отурумунда кабыл алынган.

Элдар Абакиров “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен айыпталып камакта жаткан экс-депутат Эмил Жамгырчиевдин, Айсулуу Мамашова диплом чырына байланыштуу мандатынан ажыратылган мурдагы депутат Фарходбек Алимжановдун ордуна келди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты