Абакиров менен Мамашова Жогорку Кеңештин депутаты мандатын алды

  • 4 месяца мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакировду жана экс-депутат Айсулуу Мамашованы “Альянс” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты кылып каттады. Аларга парламент депутатынын күбөлүгү менен төш белгиси берилди.

Мындай чечим БШКнын 2-февралдагы отурумунда кабыл алынды.

Элдар Абакиров “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен айыпталып камакта жаткан экс-депутат Эмил Жамгырчиевдин, Айсулуу Мамашова диплом чырына байланыштуу мандатынан ажыратылган мурдагы депутат Фарходбек Алимжановдун ордуна келди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты