«Адамдын өмүрү оюнчук эмес.» Депутат Абакиров өлүм менен коштолгон акыркы окуялар тууралуу
- 1 неделя мурун
Бүгүн, 16-апрелде, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элдар Абакиров акыркы окуялар — мектептеги эки окуучунун урушунан улам, кыздын каза табышы, түрмөдө эки соттолуучунун көз жумганы боюнча тиешелүү жетекчилерге чара көрүү, мектептерге психолог бөлүнүшү керектигин билдирди.
-Эртең менен ойгонсок, жаңылыктарды окугандан коркуп калдык. Бүгүн дагы эки жаңылык чыкты, 14 жашар бала классташ кызын согуп, кичинекей кызыбыз кайтыш болуп калыптыр. Түрмөдө эки киши каза болуптур, бирөө 62де, экинчиси 35 жашта. Ошол тармактын жетекчилери бар, алар жоопкерчиликти тартыш керек. Адамдын өмүрү оюнчук эмес. Кайсы тармакты ким башкарып жатса, ошондой нерселер кайталанбаш үчүн чара көрүш керек, анткени бул оюнчук эмес, ар бир адамдын өмүрүн барктап-сактап жашашыбыз керек. Билим берүү министри бизде психологдор жок деп айтты эле, эмнеге каржы министрлиги акча бөлүп, мектептерге психологду киргизбейт? Өткөндө эле, бир ай мурун канча окуя болду? Түрмөлөрдө болуп жаткан окуялар боюнча жетекчилер келип, так түшүндүрүп берсин, эмне себептен андай болуп жатат? Ишин аткара албагандар ордун бошотуп бериши керек,-деди депутат Абакиров.
Бишкек шаарынын №31 жалпы билим берүүчү орто мектебинде 7-класстын эки окуучусу уруша кетип, аягы өлүм менен аяктаган. Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы ЖМКга билдиргендей, 15-апрелде, 14 жашар АА. классташы А.А. менен уруша кетип, аны коюп жиберген. Ал эс-учун жоготуп койгон. Ал эми “Тез жардам” келгенде, кыздын өмүрү кыйылганын тастыктаган. Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталганы маалымдалды.
Ошондой эле жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жабык мекемемелеринде жаза өтөп жаткан эки соттолуучу 14-апрелде узакка созулган оорудан улам көз жумду. Алардын бири 62 жаштагы Ш.Т. аттуу соттолуучу. 2016-жылы кылмыш жаза кодексинин 3 беренеси боюнча 16 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Дагы бир соттолуучу 35 жаштагы А. уулу Т. жүрөктүн коронардык оорусу, миокард инфаркты диагнозу менен көз жумган. Ал кылмыш жаза кодексинин «киши өлтүрүү» беренеси менен 18 жыл 4 айга эркининен ажыратылган. №10 мекемеге кабыл алынганда текшерилип, ден соолугуна даттанган эмес. Бирок 14-апрелде өзүн жаман сезип, биринчи жардам көрсөтүлгөн. Аны Базар-Коргон шаардык ооруканасына жеткиришкен. Көрсөтүлгөн медициналык жардамга карабастан, соттолуучу көз жумган. Бул факты боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Жаза аткаруу кызматы билдиргендей, соттолуучу 2016- жылы жазасын өтөп баштагандан тарта, жүрөк оорусуна байланыштуу дарылануудан өтүп турган.
Сүрөттө: Элдар Абакиров. kenesh.kg
