Депутат Айсулуу Мамашова зордук-зомбулук окуялары боюнча ИИМге кайрылуу жасады
- 4 недели мурун
Бүгүн, 19-июнда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Айсулуу Мамашова Маевкада жакыда болгон окуя – 1-класстын окуучусунун жогорку класстын үч окуучусу тарабынан зордукталышы жана башка коомдогу зордук-зомбулук көрүнүштөрү боюнча ички иштер министрлигине кайрылуу жасады.
-Бүгүнкү күндө балдарга карата зордук-зомбулук аябай күчөп жатат. Ошол эле учурда Маевкадагы болгон окуяны алсак, ал жерде мектепте окуган үч окуучу биринчи класста окуган баланы беш жолу зордуктап кетиптир. Ушуну Биринчи май ички иштер башкармалыгы толук кандуу карабай жатыптыр. Бир айым машинаны айдаганды үйрөнөм деп бир кичинекей кызды уруп кетиптир, кыз чарчап калды. Дагы бир нече окуялар коомчулукта болуп жатат. Бүгүн ушул үч окуя боюнча мага ата-энелер кайрылды. ИИМге барса, алар жумушту толук кандуу алып барбай, тааныштары чыгып калып, актаганга чейин барып жатышат. ИИМ, балдарга таандык, кечээ эле бир киши 5 жашар кызды подвалга алып кирген окуя болду, ушундай окуялар абдан көп кездешүүдө, балдардын коопсуздугун камсыздап беришсин. Маевкадагы окуя боюнча видео далил бар экен. ИИМге кайрылып кетет элем, балдарга, айымдарга зордук-зомбулук күчөп кетти, толук кандуу жакшылап, жумуш алып баргылачы, эмне деген чектен ашуу болуп жатат? Ата-энелер кайрылса, эмнеге тергөө иштери болбой жатат? Бул өтө чоң өкүнүчтүү нерсе болууда, -деди депутат Мамашова.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу зордук-зомбулук, терс окуялар болуп жаткандыгы өкүнүчтүү экенин, бирок ички иштер министрлиги мурдагыга караганда, катуу иш жүргүзүп жаткандыгын билдирди.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы 1-класстын окуучусун үч окуучу тарабынан зордукталышы боюнча кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) менен кылмыш ишин козгоду. Шектүү катары 2009-жылы туулган окууучу кармалды. Шаардык милиция кылмыш иши боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатканын билдирди.
Маевка айылында 1-класстын окуучусу жогорку класста окуган үч бала тарабынан зордуктоого кабылган. Бул тууралуу жабырланган окуучу баланын таякеси Абдулхалил Алиев “Политклиника” билдирди. Анын айтымында, мындан эки күн мурда ага белгисиз жарандар жээни зордукталгандыгы тартылган видео тасманы жиберишкен. Бул видео Маевка айылындагы орто мектептин окуучуларынын арасында таркап кеткен. Абдулхалил Алиев анын жээнин 17-майдан 26-майга чейинки аралыкта 5-8-9-класста окуган үч окуучу бала 5 ирет зордуктагандыгын кошумчалады.
«Жээнимдин колу бутун, көзүн байлап, окуя тууралуу бирөөгө айтсаң ата-энеңди өлтүрүп кетебиз деп коркутушкан. Ошол окуядан кийин жээним он күн бою мектепке барган жок» деди ал.
Сүрөттө: Айсулуу Мамашова. kenesh.kg