Депутат Абакиров Бишкекке метро курууну баштоо керектигин айтты

  • 1 год мурун

Депутат Элдар Абакиров Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 8-апрелдеги жыйынында Бишкекке метро курууну баштоо керектигин айтты:

-Эртең менен келе жатып, таксист менен сүйлөшүп келдим, ал “Яндекс такси” менен таксисттер эртең менен кечинде чыккысы келбей калыптыр, тыгындан качып. Мисалы өткөн бешинчи күнү үйгө бардым, Жогорку Кеңештен Совет-Магистраль жакка 560 сомго араң таптым таксини. Бул Москванын эле баасы. Таксисттен “Яндексте” бир проблема барбы десем, ал “машина аз, такси айдагандар чыккысы келбей жатат, пробкада турганда чарчап жатабыз деп айтты»,- деди депутат Абакиров.

“Экология министрлиги мэрияга сунуш киргизишиңер керек, метрону кура баштагыла. Анткени Кыргызстан 7 миллион 200 миңбиз бул абдан жакшы, эртең 10 миллион болобуз буюрса. 10 миллион болгондо Бишкек шаарында канча киши болот, кантип жашайбыз? Макул, жолдорду төрт эмес, алты тилке, он тилке кылалы, анда биз дем ала албай калабыз, киши жүргүс болуп калат. Демек, метрону бүгүн куруп баштасак, аны 5-10 жылда бүтүрөбүз. Экология министри сунуш катары ушуну бериңиздер”- деди депутат Абакиров.

Сүрөт: kenes.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты