Көп адамдар алдамчыларга алданууда. Онлайн мүлк каттоону өзгөртүүнү кое туралы. Депутат сунуштады
- 3 недели мурун
- Видео
Бүгүн, 28-апрелде, Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Элдар Абакиров мобилдик түзүлүш тууралуу мыйзамды талкуулоо учурунда онлайн телефон чалгандардан алданып калгандар, “Түндүк” системасынан деп чалып, көп адамдарды алдап жатканын билдирип, мүлктү онлайн өзгөртүүнү кое турууну, эл ага даяр эмес экенин билдирди.
-Мага эки күндө 3-4 кат келди, Баласагын университетинде иштеген мугалимден дагы, алдамчылар катуу иштеп жатыптыр, бирөө “Түндүктөнмүн” деп чалыптыр, дагы бири УКМКдан, Аскер прокуратурасынан дептир, кыскасы, аягында Гүлзат деген эженин, Баласагын университетинен, 1 млн 600 миң сом, кредит алып, чыгарып алышыптыр. Андан кийин дагы 2-3 кат келиптир, мугалимдер, айылдан, пенсионерлерди катуу алдоо заманы болуп жатыптыр. Азыр жаңылыктан окуп калдым, “Түндүк” аркылуу мүлктү онлайн өзгөртсө болот деп. Буга эл даяр эмес деп ойлойм. Ошон үчүн айтаар элем, буга эрте, сиздердин пикириңиздер кандай? Европа биримдигинде деле ага жол бербей жатыптыр,-деди депутат Элдар Абакиров.
Буга Санарип министринин орун басары Замирбек Кожомуратов мүлктү онлайн каттоо жүргүзүлгөнүн, бул боюнча сунуш-пикирлерди берүүнү суранды.
Онлайн алданып калгандар тууралуу «ПолитКлиниканын» видеосу:
Сүрөттө: Элдар Абакиров. kenesh.kg