Депутат Мамашова “Кыргызфармация” дары-дармектер менен камсыздай албай жатканын айтты
- 1 год мурун
Бүгүн, 26-июнда, Жогорку Кеңештин жыйынында, депутат Айсулуу Мамашова “Кыргызфармация” ишканасы дары-дармектер менен камсыздай албай жатканын айтып чыкты.
-Дагы бир жолу бардыгыбыздын көңүлүбүздү “Кыргызфармацияга” бургум келет. Эмне үчүн? Анткени бүгүнкү күндө бир гана онкологияны алсак, өткөн жылы ноябрда онкология “Кыргызфармацияга” билдирүү берген, 60 препарат алыныш керек болчу. Бүгүнкү күнү июндун аягында, болгону 4 эле дары-дармек келди. Элестетиңиздер, дагы 56 дары-дармек келе элек. Онкология деген өзгөчө оору, бул дарт менен ооруган адамдардын бардыгы күнүгө өз убагында дарыларды албаса, тилекке каршы бул өтө жаман кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Менде суроо: эмне үчүн ушундай абалга келдик? Бул бир гана онкологияга байланыштуу эмес. Менде сураныч, “Кыргызфармациянын” ишмердүүлүгүн текшерип, эмнеге саламаттык сактоо министрлиги алдын алуу жумуштарын алып барган эмес? Мурункудай эле ФОМСко берели жарымысын, биздин ооруканалар ишин токтотпой, толук кандуу жүргүзсүн. Ооруканада базалык дары-дармек жок, оорулуулар өздөрү көтөрүп жатат, -деди депутат Айсулуу Мамашова.




