“Айкөл-5”. Сириянын лагелеринен 99 кыргызстандык алынып келинди

  • 2 месяца мурун

20-февралда Жакынкы Чыгыштан Кыргыз Республикасынын 99 жараны — анын ичнен 28 аял киши жана 71 бала Мекенине алынып келинди.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы маалымдады.

Сириянын түндүк-чыгышындагы атайын лагерлерде жайгаштырылган репатрианттарды кайтарып келүү боюнча кезектеги «Айкөл 5» гуманитардык миссиясы Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн колдоосу менен уюштурулду.

Кыргыз тарап оор абалда калган жарандарды репатриациялоо боюнча бешинчи ири  атайын операцияны ийгиликтүү өктөрүүдө көрсөткөн көмөгү үчүн жана логистикалык колдоого америка тарабына жана эл-аралык өнөктөштөрүнө өзгөчө ыраазычылыгын билдирди.

30-августта гуманитардык миссиянын алкагында Сириянын түндүк-чыгышында жайгашкан лагерде турушкан Кыргыз Республикасынын жарандарын Мекенине кайтаруу боюнча “Айкөл” иш-чарасы өткөрүлгөн. 30-августта Сириядан Кыргызстанга атайын учак менен Кыргызстандын жарандары алынып келинди. Алардын 31и аялзаты, ал эми 64ү жашы жете элек балдар.

2013-2014-жылдан бери Сирия менен Ирактагы жоочуларга 800дөй кыргызстандык барып кошулганын, 200гө чамалуусу каза болгонун күч органдары расмий кабарлаган. Кеткендердин 150гө жакыны аялдар.

Архивдик сүрөт: ТИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты