Сириядагы жарандар Мекенине кайтарылды

  • 8 месяцев мурун

Бүгүн, 30-августта, кезектеги гуманитардык миссиянын алкагында Сириянын түндүк-чыгышында жайгашкан лагерде турушкан Кыргыз Республикасынын жарандарын Мекенине кайтаруу боюнча “Айкөл” иш-чарасы өткөрүлдү.

30-августта Сириядан Кыргызстанга атайын учак менен Кыргызстандын жарандары алынып келинди. Алардын 31и аялзаты, ал эми 64ү жашы жете элек балдар.

Бул тууралуу тышкы иштертминистрлиги кабарлады.

Кыргыз Республикасынын жарандарын Сириядан репатриациялоонун экинчи этабынын ийгиликтүү ишке ашыруусу тышкы саясат, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, саламаттык сактоо, социалдык камсыздоо чөйрөлөрүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын жана укук коргоо органдарынын макулдашылган өз ара аракеттенүүлөрүнүн жыйынтыгында ишке ашты.

Кыргыз тарап Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнө бул репатриация иш-чарасын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн ар тараптуу жардам жана материалдык-техникалык колдоо көрсөткөндүгү үчүн, ошондой эле, Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондуна (ЮНИСЕФ) жана Эл аралык Кызыл Крест комитетине өзгөчө ыраазычылык билдирет.

Мындан тышкары Министрлер Кабинетинин тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын делегациясы аталган миссиянын алкагында Сириянын түндүк-чыгышында жашап турган калкынын муктаждыктары үчүн керектүү дары-дармектерди жеткиришип, гуманитардык жардам көрсөттү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты