“Айданфарма” заводу 100дөн ашуун дары-дармек чыгара баштады
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 10-декабрда, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев мамлекеттик менчикке өткөн Бишкек шаарындагы ЖЧК «Айданфарма» фармацевтикалык заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты.
Саламаттык сактоо министри 95% концентрациядагы медициналык этил спиртин чыгарууну ишке киргизүү процесси менен таанышып, жаңы продукт өлкө боюнча саламаттыкты сактоо уюмдарынын муктаждыктары үчүн колдонулаарын айтты.
«Кыргыз Республикасында дары-дармек рыногунда 90%дан ашыгын импорттук продукция ээлейт, ошол себептен дары-дармектерди жана медициналык буюмдардын өздүк өндүрүшүн өнүктүрүү Кыргыз Республикасы үчүн абдан маанилүү» деп белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев.
“Айданфарма” заводунун директору Өмүрбек Асанов учурда дары-дармек жана медициналык техника департаментине 120 түрдөгү таблетка жана капсула, 20 түрдөгү май жана 10 түрдөгү сироп жана суспензиялар каттоого берилгенин, бул продукциянын линиясын кыйла кеңейтээрин билдирди.
Жакында «Айдан Фарма» фармацевтикалык заводу мамлекетке кайтарылганы белгилүү болгон.
Сүрөт: med.kg