Психотроптук дарыларды мыйзамсыз сатып алуу, таратуу менен алектенгендер кармалды
- 1 неделя мурун
- Видео
Ош шаарында күчтүү таасир этүүчү психотроптук дары-дармектерди мыйзамсыз сатып алуу, таратуу жана сактоо менен алектенген бир катар адамдар кармалды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Ош шаарындагы «Аль-Азиз» реабилитациялык борбору көз карандылыктан жабыркагандарды дарылоо боюнча иш жүргүзүп келген. Ошол эле учурда борбор талаптарын одоно түрдө бузуу менен жүргүзүлгөн.
Борбордун кызматкерлери билими жана тиешелүү лицензиялары жок болсо да медициналык кызмат көрсөтүп келишкен. Бейтаптарда курч психологиялык кризис пайда болгон учурларда аларга карата күч колдонулуп, тынчтандыруу үчүн атайын каражаттар пайдаланылган, өлкөдө эркин жүгүртүлүшү чектелген күчтүү психотроптук дары-дармектер берилген.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча А.у.Н. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




