«Дем-Нур» медициналык борборунун ээси психотроптук заттарды сатууга шектелүүдө  

  • 2 месяца мурун

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Бишкек шаарындагы «Дем-Нур» медициналык борборунда психотроптук заттарды мыйзамсыз сактоо, колдонуу жана сатуу фактысын аныктаганын билдирди.

Маалыматта айтылгандай, медициналык борбордун ээси 1955-жылы туулган О.Ш. баңгизаттарга жана алкоголдук ичимдиктерге көз каранды бейтаптарды тиешелүү уруксат берүүчү лицензиясы жок эле дарылоого алып, психотроптук заттарды мыйзамсыз сактап, колдонуп жана саткандыгы аныкталган.

Аталган клиникага жүргүзүлгөн тинтүүнүн жүрүшүндө 18 ампуладагы психотроптук зат, 600 ампуладагы жана 16 таңгактагы ар кандай дары-дармек табылган.

Шектүүнүн жашаган дарегинде тинтүү жүргүзүү учурунда да психотроптук зат табылган.

Бул факт боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде жаран О.Ш. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайына камалды.

Тергөө иш-чаралары улантылууда.

"Дем-Нур" медициналык борборунун ээси психотроптук заттарды сатууга шектелүүдө  

Сүрөттөр: ИИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты