«Айдан Фарма» фармацевтикалык заводу мамлекетке кайтарылды

  • 2 месяца мурун

2-декабрда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев мамлекеттик менчикке өткөн Бишкек шаарындагы  «Айдан Фарма» фармацевтикалык заводуна барды.

Министр белгилегендей, «Айдан Фарма» жабык акционердик коомунун заводу учурда 95% медициналык этил спиртин өндүрөт. Жакын арада калк үчүн сапаттуу дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана импортту алмаштыруу боюнча тапшырмаларды ишке ашыруу максатында 50дөй аталыштагы дары-дармек өндүрө баштайт.

«Дары-дармек рыногунун 90%дан ашыгын импорттук продукция ээлеген Кыргыз Республикасы үчүн дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды өз алдынча өндүрүүнү өнүктүрүү маанилүү» деп кошумчалады министр Бейшеналиев.

Сүрөт: med.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты