Айбек Шаменов Достук айылынын тургундарынан кечирим сурады

  • 2 месяца мурун

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов Достук айылынын тургундарынан кечирим сурады.

Ал УТРКга берген маегинде Достук айылынан көчүрүлө турган ар бир жашоочуга 30 сотыхтан жер бөлүү чечими кабыл алынганын айтты.

6-мартта Достук айылында жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен элдин жолугушуусу болгон. Достуктун жашоочулары Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылына караштуу Чет-Булакка көчүрүлөрү айтылган. Жолугушууда айрым тургундар беш сотыхтан эмес 10 сотыхтан жер берүүнү суранышкан. Облус башчысы Айбек Шаменов мамлекет адамдарга турак жай салып бербей турганын айтып, элге орой мамиле кылган. Анын бул аракети коомдо катуу талкууну пайда кылды.

Ошондон кийин президент Айбек Шаменовго эскертүү берген.

Баткен облусунун Достук айылы кыргыз-тажик чек ара келишимине ылайык, Тажикстанга өтө турган болууда.

Сүрөттө: Айбек Шаменов. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты