Айаал Лазарев Париж олимпиадасына жолдомо алды

  • 3 месяца мурун

Стамбул шаарындагы мелдеште 125 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан кыргызстандык балбан Айаал Лазарев 2024-жылкы Парижде өтө турган олимпиада оюндарына жолдомо жеңип алды.

Лазарев жарым финалга ямайкалык жана өзбекстандык балбандарды жеңип, финалда венгриялык балбан менен таймашты. Лазарев чечүүчү күрөштө венгриялык Даниэль Лигетти 12:2 эсебинде утуп, жеңишке жетти.

Келерки олимпиада оюндарына кыргызстандык спортчулардан Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, грек-рим күрөшүнөн Амантур Исмаилов, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, эркин күрөштөн Бекзат Алмаз уулу, Эрназар Акматалиев жана сууда сүзүүдөн Денис Петрашов, балбан Үзүр Жусупбеков жеңип алган. Бул катарга эми Айаал Лазарев 11-болуп кошулду.   

Сүрөт: // UWW

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты