Үзүр Жусупбеков Париж олимпиадасына жолдомо алды
- 10 месяцев мурун
Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Үзүр Жусупбеков Түркиядагы мелдеште Париж шаарында өтө турган олимпиада оюндарына жолдомо алды.
97 килограмм салмакка чейинки оюнда Жусупбеков хорватиялык Филип Сметкону 12:3 эсебинде жана жапониялык Юри Наказатону 9:0 эсебинде жеңип алды. Ал эми германиялык Лукас Лазогианисти 8:4 менен жеңип, олимпиадага жолдомого ээ болду.
Келерки олимпиада оюндарына кыргызстандык спортчулардан Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, грек-рим күрөшүнөн Амантур Исмаилов, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, эркин күрөштөн Бекзат Алмаз уулу, Эрназар Акматалиев жана сууда сүзүүдөн Денис Петрашов жолдомо алган. Эми Үзүр Жусупбеков бул катарга кошулду.
Сүрөт: // UWW
Муну бөлүшүү