“Агай» фильми: Турмуштан алынган сериал

Бүгүн, 29-мартта, Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында белгилүү режиссер Руслан Акундун “Агай” фильми тууралуу таржымал-талкуу болду. Чыныгы окуялардын негизинде тартылган “Агай” сериалынын акыркы, 10-сериясы да көрсөтүлдү.

Сериалдын каарманы болгон Гапыр Мадаминов жана анын кесиптештери Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш жердеги Жаштык айылында №3 эксперименталдык гимназияны түптөшкөн. Бул гимназиянын негизинде балдарды окутуунун, жаш мугалимдерди кайра даярдоонун жаңы ыкмасы иштелип чыгып, энелердин жаңычыл мектеби негизделген.

Жыл сайын айылдык мектеп-гимназиянын окуучулары олимпиадаларда байгелүү орундарды, жалпы республикалык тестирлөөдө жогорку көрсөткөчтөрдү көрсөтүп келишет. Анын бүтүрүүчүлөрү Кыргызстан, АКШ, Жапония, Түркиядагы алдыңкы жогорку окуу жайларда окушат.

“Гапыр агайдын окуясы өтө таң калыштуу жана шыктандыруучу күчкө ээ. Ал мага катуу таасир тийгизгендиктен, аны кыргызстандыктардын бардыгына айтып бергим келди. Учурда билим берүү системасын толугу менен реформалоо, андагы жемкорлук көрүнүштөрдөн арылуу зарылчылыгы пайда болду. Гапыр агайдын эмгеги мектептерибизди жакшы жакка кантип өзгөртсөк болоруна жакшы мисал болуп бере алат” деди сериалды тарткан Руслан Акун.

Бет ачарга Гапыр Мадаминовдун кесиптештери, үй-бүлөсү,  өнөктөштөр, сериалдын чыгармачыл тобу, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Белгилүү кинорежиссер Руслан Акундун “Агай” аттуу жаңы сериалы 25-февралдан тартып КТРКда, ал эми 27-февралдан тартып Bairak Group Ютуб каналында көрсөтүлө баштаган.

10 сериялуу «Агай» фильми “Интерньюс-Кыргызстандын” “Медиа- К” долбоорунун алкагында тартылып, USAID тарабынан каржыланган.

“Агай” фильми Кыргызстандын аймактарындагы азыркы өспүрүмдөрдүн жана алардын ата-энелеринин турмушу тууралуу баяндайт. Сериал социалдык маанилүү темаларды каржылаган грант программасы боюнча тартылган.

2021-жылы Руслан Акун “Акыркы сабак” сериалын тарткан. Фильм кеңири тарап, көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынган.   

“Агай» фильми: Турмуштан алынган сериал
Китептин Опера жана балет театрындагы бет ачар кечесинен.
Видео: Бермет Асылбекова.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты