“Ромео жана Жульетта” спектакли көрсөтүлдү
- 2 недели мурун
Бишкек шаарында Жамал Сейдакматова атындагы “Туңгуч” жаштар театрында улуу драматург Уильям Шекспирдин «Ромео жана Жульетта» спектакли тартууланды.
Маданий иш-чарага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, Жогорку Кеңештин депутаттары Санталат Аманова, Жанибек Абиров жана Махабат Мавлянова катышты.
Спектакль көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынып, жаш актерлордун чыгармачылык изденүүсү жана театр жамаатынын эмгеги жогору бааланды.
Иш-чаранын алкагында театрдын директору Асель Шалтаева, спектаклдин режиссёру, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Назым Мендебаиров, ошондой эле Ромеонун образын ийгиликтүү жараткан актер Өмүрбек Израилов Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты.
Сүрөт: Маданият министрлиги




