«Агай». Руслан Акундун жаңы сериалы

  • 1 год мурун

Белгилүү кинорежиссер Руслан Акундун “Агай” аттуу жаңы сериалы чыкты. Анын бет ачары  25-февралдан тартып КТРКда, ал эми 27-февралдан тартып Bairak Group Ютуб каналында көрсөтүлө баштайт.

Бул 10 сериялуу фильм “Интерньюс-Кыргызстандын” “Медиа- К” долбоорунун алкагында тартылып, USAID тарабынан каржыланган.

“Агай” фильми Кыргызстандын аймактарындагы азыркы өспүрүмдөрдүн жана алардын ата-энелеринин турмушу тууралуу баяндайт. Сериал социалдык маанилүү темаларды каржылаган грант программасы боюнча тартылган.

2021-жылы Руслан Акун “Акыркы сабак” сериалын тарткан. Фильм кеңири тарап, көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынган.   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты