«Дарыгер» сериалынын бет ачары өттү
- 2 недели мурун
Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” кинотеатрында «Дарыгер» сериалынын бет ачар аземи болуп өттү.
Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар министрлиги билдирди.
Иш-чарага маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов, маданият жана кино ишмерлери, коомчулук өкүлдөрү катышты.
«Дарыгер» сериалы Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти тарабынан эксперттик кеңештин чечиминин негизинде колдоого алынган.
Долбоор 2025-жылы мамлекет тарабынан 35 миллион сом көлөмүндө каржыланып, анын негизинде 10 сериялуу көркөм сериал тартылган.
Сериал дарыгерлердин адам өмүрүн сактоодогу эмгегин, күнүмдүк жоопкерчилигин көркөм чагылдырат.
Сүрөт: Маданият министрлиги




