Артисттердин айрым категориялары үчүн өзгөчө эмгек шарттарындагы пенсия укугу бекитилди

  • 3 месяца мурун

Министрлер Кабинети театрлардын, цирк жана башка театралдык-оюн-зоок мекемелеринин артисттеринин айрым категориялары үчүн өзгөчө эмгек шарттарындагы пенсияга укук берүүчү тизмени бекитти.

Токтомго ылайык, сахнада 20 жылдан кем эмес чыгармачылык стажы бар балет артисттери, бий аткаруучулар, мимика жана жаңсоо театрларынын артисттери, травести-артисттери, цирк жана концерттик уюмдардын гимнасттары, акробаттары, эквилибристтери, машыктыруучулары, маскарапоздору, 50 жашка чыккан балбандар, вокалисттер, хор артисттери жана үйлөмө аспаптарда ойногон артисттер пенсия алууга укук алышат.

Токтом 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты