Бишкекте “Кара-Кыргыз” тарыхый сериалынын бет ачары болду
- 2 месяца мурун
Бишкек шаарындагы Broadway кинотеатрында Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 100 жылдыгына арналган «Кара-Кыргыз» аттуу тарыхый сериалдын бет ачары 24-декабрда болду.
Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Иш-чара жабык форматта өткөрүлүп, 400 чакырылган мейман катышты. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев катышып, долбоордо эмгектенгендерге ыраазычылык билдирип, куттук сөз айтты.
Аталган долбоор Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин каржылоосунда, «Кыргызсериал» мамлекеттик мекемеси тарабынан даярдалган.
Сериал мамлекеттик архивдин материалдарына жана тарыхый булактарга таянып тартылган.
Анын сюжетинде 1917–1924-жылдардагы тарыхый окуялар көркөм формада чагылдырылып, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түзүлүшүнө салым кошкон инсандардын өмүр жолу баяндалат. Алардын арасында Жусуп Абдрахманов, Ишеналы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков, Иманаалы Айдарбеков жана Абдыкадыр Орозбеков ж.б. тарыхый инсандар бар.
Сүрөт: Маданият министрлиги




