Кыргызстандын Мажарстандагы элчилигинде Алыкул Осмоновдун ырлар жыйнагынын бет ачары өттү

  • 3 месяца мурун

Алыкул Осмоновдун туулган күнүнүн 110 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш-чаралардын алкагында, Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы элчилигинде Алыкулдун мажар тилине которулган ырлар жыйнагынын алгачкы нускаларын тапшыруу аземи өттү.

Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Бул адабий долбоор белгилүү мажар түркологу Шомфаи Кара Давид тарабынан Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы элчилигинин колдоосу менен ишке ашырылды. Китеп кыргыз классикалык поэзиясын жайылтууга, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Мажарстандын ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоого багытталган.

Котормолор Алыкул Осмоновдун философиялык ой толгоолорунун тереңдигин, гуманисттик баалуулуктарын жана кыргыз элинин улуттук колоритин чагылдырган чыгармаларын камтыйт.

Долбоорду ишке ашырууда демилгенин башкы демөөрчүсү, белгилүү юрист жана меценат Ф.Папчак өзгөчө роль ойноду. Анын колдоосунун аркасында кесипкөй котормо иштерин жүргүзүү, ошондой эле жогорку адабий жана басма стандарттарына жооп берген материалдарды даярдоо мүмкүн болду.

Сүрөт: ТИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты