Бишкекте “Жаңы Өзбекстан: Шавкат Мирзиёевдин жолу” аттуу китептин кыргыз тилиндеги басылышынын бет ачары өтөт
- 1 месяц мурун
21-июлда Бишкек шаарындагы Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин «Жаңы Өзбекстан: Шавкат Мирзиёевдин жолу» аттуу китебинин кыргыз тилиндеги басылышынын бет ачары өтөт.
Иш-чарага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү, маданият ишмерлери, жогорку окуу жайларынын окутуучулары жана студенттери катышат.
Аталган эмгек Шавкат Мирзиёевдин мамлекет башчы болуп иш алып барган мезгилдеги кеңири масштабдагы реформаларды, анын саясий лидерлик феноменин жана жаңы Өзбекстанды куруу стратегиясын талдаган эл аралык илимий-аналитикалык басылма болуп саналат.
Башталышы: саат 11:00.
Сүрөт: Маданият министрлиги
Муну бөлүшүү




