Адылбек Касымалиев Кыргыз футбол биримдигинин президенти болуп шайланды
- 4 недели мурун
Бүгүн, 12-майда, борбордогу «Шератон» мейманканасында Кыргыз футбол биримдигинин (КФБ) 2026-жылкы кезексиз конгресси өтүүдө.
Анда Кыргыз футбол биримдигинин президенти болуп Адылбек Касымалиев шайланды.
Касымалиев Министрлер кабинетинин төрагасы жана президенттик администрациянын жетекчиси болуп иштейт.
КФБнын аткаруу комитетинин мүчөлүгүнө Акылбек Маматов, Жохан Ералханов шайланды.
КФБнын президентинин кызматына талакер катары Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, аткаруу комитетинин мүчөлүгүнө Акылбек Маматов, Жохан Ералханов көрсөтүлгөн.
Буга чейин КФБ төрагасы Камчыбек Ташиев кызматын мөөнөтүнөн мурда өткөрүп берген.
Сүрөт: КФБ
Муну бөлүшүү




