Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол биримдигинин президенттигинен кетти

  • 1 месяц мурун

Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол биримдигинин президенттигинен кетти.

“Жетишкендиктерибиздин бардыгы кайдан болуп жатат, мунун баары президентибиздин колдоосунун негизинде болуп жатат. Президент Садыр Нургожоевичтин колдоосу болбосо, , бул ийгиликтер болмок эмес” деди Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол биримдигинин конгрессинде айтылды.

Камчыбек Ташиев конгрессте бул кызматта эки жылдан ашык убакыт ичинде аткарылган иштер боюнча отчет берип, делегаттарга кайрылуу жасады. Өз кайрылуусунда, ал жаңы мөөнөткө талапкерлигин көрсөтпөй тургандыгын билдирди.  

Камчыбек Ташиев маалымдагандай, эки жылдын ичинде 17 стадион, мекемелер курулду. Азыр дагы 14 объект курулуп жатат. Буга 7 млрд сом жумшалды.

КФБ президентинин кызматына талапкерлер көрсөтүлбөгөндүктөн, бүгүнкү конгрессте бул кызмат боюнча шайлоо өткөрүлгөн жок. КФБ президенттигине шайлоо өтө турган конгресстин жаңы датасы жакынкы убакытта КФБнын аткаруу комитети тарабынан аныкталат.

Камчыбек Ташиев 2024-жылдын 19-февралында Кыргыз футбол биримдигинин (КФБ) президенти болуп шайланган.

Бүгүн, 15-апрелде, борбор шаардагы «Технопарк» борборунда Кыргыз футбол биримдигинин 2026-жылкы, кезектеги конгресси өттү.

Конгресстин күн тартибине ылайык негизги маселелер каралып, КФБнын аткаруу комитетинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу, 2026-2030 мөөнөткө болгон жаңы курам шайланды.

Жаңы жетекчилик курам КФБнын мүчө уюмдары тарабынан сунушталып, бүгүнкү конгресстин делегаттары тарабынан шайланды. Аткаруучу комитеттин курамы анын буга чейинки өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгүнү ырааттуулугун сакталган шартта жаңыланды.

КФБ аткаруучу комитетинин жаңы курамы:

⁃ Букуев Нурдин  – КФБ биринчи вице-президенти

⁃ Акжигитов Мирлан — КФБ вице-президенти

⁃ Таалайбек кызы Жылдыз — КФБ вице-президенти

⁃ Эгембердиев Кайрат  — КФБ вице-президенти

⁃ Абдыкадыров Канатбек  КФБ аткаруу комитетинин мүчөсү

⁃ Бабанов Өмүрбек — КФБ аткаруу комитетинин мүчөсү

⁃ Кадралиев Асылбек — КФБ аткаруу комитетинин мүчөсү

⁃ Кожобеков Кудайберди — КФБ аткаруучу комитетинин мүчөсү

⁃ Кутманов Эмил — КФБ аткаруу комитетинин мүчөсү

⁃ Салымбеков Аскар — КФБ аткаруу комитетинин мүчөсү

⁃ Сакебаев Азат  КФБ аткаруу комитетинин мүчөсү

⁃ Ногаев Уланбек Мелисович — КФБ аткаруу комитетинин мүчөсү

Аткаруу комитетинин мүчөлүгүнүн эки оруну азырынча бош калат.

Сүрөт: Жыйында. КФБ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты