Кыргыз Футбол биримдигинин жетекчилигине Адылбек Касымалиевдин талапкерлиги көрсөтүлдү  

  • 1 месяц мурун

Кыргыз футбол биримдигинин (КФБ)  шайлоо комитети КФБнын жетекчи кызматтарына талапкерлерди бекитти.

Бул тууралуу КФБ билдирди.

Жетекчи шайлоо эртең, 12-майда, КФБнын конгрессинин алкагында өтөт.

КФБнын президентинин кызматына талакер катары Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек  Касымалиев көрсөтүлдү.  

КФБнын Аткаруу комитетинин мүчөлүгүнө Акылбек Маматов, Жохан Ералханов көрсөтүлдү.

Буга чейин КФБ төрагасы Камчыбек Ташиев кызматын мөөнөтүнөн мурда өткөрүп берген..

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты