Ачкачылыктын 35-күнү: «Социал-демократтар» Султанбековдон ачкачылыкты токтотууну суранат

  • 2 месяца мурун

«Социал-демократтар» партиясынын президуму партиянын тергөө абагындагы лидери Темирлан Султанбековдон ачкачылык акциясын токтотууну өтүндү.

«Бүгүн ачкачылык акциясынын 35-күнү, бул эр жүрөктүүлүктүн жана жан аябастыктын бир көрүнүшү болуп саналат. «Социал-демократтар» партиясынын президиуму партиянын лидери Темирлан Султанбековду ачкачылык акциясын токтотууну өтүнөт. Биз Темирлан Султанбековдун чындык, акыйкаттык жана мыйзамдуулук үчүн күрөшүндө анын чечкиндүүлүгү менен сыймыктанабыз. Анын каршылык акциясы шаардык кеңештерге шайлоодо өзүм билемдик жана мыйзамсыздык менен күрөшүүнүн символу болуп калды, коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурду, өлкөдө жана дүйнөдө резонанс жаратты. Вп бирибиз бир нече жолу ага жеке каттар же адвокаттары аркылуу ачкачылыкиы токтотууну өтүнүп келдик. Эми анын ден соолугуна залал келүү коркунучу тургандыктан, расмий төрдө ччим чыгарууга мажбур болуп жатабыз. Биз анын үнү жетти, ал эми чечкиндүүлүгү жана кайраты көптөгөн адамдарга үлгү болоруна ишенебиз. «Социал-демлкраттар» партиясынын президиуму Темирлан Султанбековдон ачкачылыкты токтотуп, күч-кубатын калыбына келтиришин суранабыз. «Социал-демократтар» партиясы жарандардын укугу, акыйкаттык жана мыйзамдуулук үчүн мыйхамдуу жолдор менен күрөшө бермекчи» деп айтылат билдирүүдө.

Ачкачылыктын 35-күнүндө Темирлан Султанбековдун саламаттыгы начарлап бара жатканы айтылууда.

14-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) Султанбековго, Карамушкинага жана Турксеверге кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1-бөлүгүнүн (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) негизинде кылмыш ишин козгоп, камакка алган.

15-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту «Социал-демократтар» партиясынын жетекчиси Темирлан Султанбековду, партиянын штаб башчысы Ирина Карамушкина менен тарапташы Роза Турксеверди 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.

2-декабрда Бишкек шаардык соту «Социал-демократтар» партиясынын лилери Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасы боюнча аппеляциялык арызын карап, Свердлов райондук сотунун эки айга камаган чечимин күчүндө калтырды.

Сүрөттө: Темирлан Султанбеков. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты