Абактан кат. Шайлообек Атазовго убактылуу кармоочу жайда ырайымсыз мамиле жасалган   

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазовго Ички иштер министрлигинин убактылуу кармоочу жайында 12 күн ырайымсыз мамиле кылынганы айтылды.

Бул тууралуу анын жактоочусу мындай деп билдирген:  

-22-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин экс-депутаты Атазов Шайлообектин жашаган жерине таң атпай спецназдар кирип үй-бүлөсүн, балдарын коркутуп, үйүн тинтүүгө алып, өзүн ИИМге алып кетишкен. Ошол эле түнү убактылуу кармоочу жайдын жер төлөсүнө киргизишкен. ИВСте ден соолугуна зыян келтирилип, ырайымсыз мамиле 12 күнгө созулган. Андан ары 3-декабрь күнү СИЗО-1ге алып барышкан. Ал жерде камерада 20 адам менен чогуу отурат. Камера сыз, суук болгондуктан ооругандар көп. Ар түрдүү кысым болуп, конституциялык укуктары чектелип жатканын билдирет,-деп адвокат айткан.

Атазов “Жогорку Кеңешке шайлоо бүткөн соң, өлкөдө башаламандык уюштурат” деп айып коюшууда. Бул жалган жалаа жана айрым бир кеги бар саясий кошоматчылардын уюштурган иши” деди.

“Мен ар дайым өлкөмдү сүйүп, туусун бийик көтөрүп келдим. Өмүр бою элим, мамлекетим, кыргыз спорту деп эмгектендим. Эч ким менен башаламандык тууралуу сүйлөшкөн эмесмин. Мага карата коюлуп жаткан айыптардан коркпойм. Себеби мен кудайдын, элдин алдында акмын. Мени кыйнап, зулумдук көрсөтүп жаткандарды кудайга койдум. Өлкө башчыларына чындык жетсе, адилеттүүлүк орнойт деп ишенем» деди Атазов.

Абактан кат. Шайлообек Атазовго убактылуу кармоочу жайда ырайымсыз мамиле жасалган   
Абактан кат. Шайлообек Атазовго убактылуу кармоочу жайда ырайымсыз мамиле жасалган   

Кат 15-декабрда абактагы айлообек Атазовдун адвокаты аркылуу алынгандыгы белгиленди.

22-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазовдун үйүндө ИИМдин Тергөө кызматы тинтүү жүргүзгөндүгү маалым болду. Маалыматты Шайлообек Атазов социалдык тармакка чыгарган видеосу аркылуу билдирген. Кийин, ал видео өчүрүлдү.

Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин  уулу Кадырбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин мурдагыдепутаттары Шайлообек Атазов, Кубанычбек Кадыров, Эрмек Эрматов жана Урмат Барыктабасовдун бөгөт чарасы каралып, 17-январга чейин камакка алынды.

Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту бүгүн, 23-ноябрда кабыл алганы белгилүү болду.  

Ички иштер министрлиги (ИИМ) массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүүгө шектелген адамдардын тобу кармалгандыгын 22-ноябрь түнү билдирди. Кармалгандардын арасындагы сүрөттөрдөн жана видеодон Темирлан Султанбеков, Кадыр Атамбаев, Шайлообек Атазов, Кубанычбек Кадыров, Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Дамир Мусакеев, Урмат Барктабасов, Эрмек Эрматов ж.б. бардыгы он адам экенин көрүүгө болот.

Сүрөттө: Шайлообек Атазов. Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты