Абактагы Орозайым Нарматова ооруп жатса да ачкачылык акциясын токтотпойт

  • 1 год мурун

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу жапырт камакка алынгандардын арасындагы парламенттин экс-депутаты Орозайым Нарматова ден соолугунун начарлаганына карабастан, ачкачылык акциясын токтотпойт.

Бул тууралуу Нарматова Акыйкатчы институтунун кызматкери менен Бишкектеги №1 тергөө абагында болгон жолугушууда билдирди.  

Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын маалыматы боюнча, Нарматова ооруп жатканын, ашказанында жара бар экенин айткан. Дарыгерлер ага дартты басаңдатуучу ийне сайып, дары берүүдө.

Кемпир-Абад иши боюнча “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген шек менен камалып, тергөө абагында ачкачылык жарыялаган парламенттин экс-депутаты, активист Орозайым Нарматованын абалы начарлаганын анын адвокаты Гуляна Убалиева «Азаттыкка» билдирген.

Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деп шек саналып Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта жаткан 20дан ашык кишинин 19у 13-декабрдан тарта саясий ачкачылык жарыялаган. Алар бийликтен саясий куугунтукту, сөз эркиндигине басымды токтотууну талап кылышууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты