Абактагы ачкачылык акциясы: Перизат Суранованын абалы оор

  • 1 год мурун

Кемпар-Абад маселеси боюнча абакта ачкачылык кармаган Перизат Суранованын абалы оор.

«Мезгил-мезгили менен дене табым көтөрүлүп кетип жатат. Аба жетпей, дем алуум оорлошууда. Адатта 90/60 болчу кан басымым 130/90го жетүүдө. Болгону — 4 сутка, анын ичинде 2 сутка кургак ачкачылык. Туз даамданып, оозума кычкыл даам келүүдө+жыт. Дене табым дайыма 37 градус болууда. Эгер эс-учумду жоготсом да, СИЗОдо дарылануудан баш тартам» деди Перизат Суранова.

Абактагы ачкачылык акциясы: Перизат Суранованын абалы оор
Бул тууралуу активист Айсулуу Кудайбердиева Фейсбук баракчасына жарыялады.

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу жапырт камакка алынгандардын арасындагы парламенттин экс-депутаты Орозайым Нарматова ден соолугунун начарлаганына карабастан, ачкачылык акциясын токтотпой тургандыгын Акыйкатчы институтунун кызматкери менен Бишкектеги №1 тергөө абагында жолугушууда билдирди.  

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт камакка алынды. Мындай чечимди 24-октябрда жана 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. 

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад маселеси боюнча кармалгандардын баарынын камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узартуу чечимин кабыл алды. 13-декабрда райондук сот бул иш боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеваны, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаевди, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Кубанычбек Кадыровду, Асия Сасыкбаеваны, “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовду, мурдагы элчи Мамбетжунус Абыловду, активисттер Эрлан Бекчоро уулун, Атай Бейшенбекти, Перизат Суранованы, саясатчылар Равшан Жээнбековду, Таалайбек Мадаминовду, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулованы, укук коргоочу Рита Карасартованы жана Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асановду 2023-жылдын 20-февралына чейин камакта калтырды.

13-декабрда сотко алынып келингендер сурак болбогонун, аларга мурда “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген айып тагылса, азыр ал “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” деген беренеге алмаштырылып жатканын айтышты.

12-декабрда саясатчы Азимбек Бекназаров 23-февралга чейин, активисттер Илгиз Шаменов, Улукбек Маматаев, Али Шабдан, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаев, Талас облусунун мурдагы губернатору Айбек Бузурманкулов, журналист Айданбек Акматов жана экс-депутат Орозайым Нарматова 20-февралга чейин камакта калган.

Ушул эле иш боюнча шек саналган Нурлан Асанбековдун үй камак мөөнөтү 20-февралга чейин узартылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деп шек саналып Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта жаткан 20дан ашык кишинин 19у 13-декабрдан тарта саясий ачкачылык жарыялаган. Алар бийликтен саясий куугунтукту, сөз эркиндигине басымды токтотууну талап кылышууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты